Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргыз аялдын сөөгүн алып келүү аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Кытайда маңзат менен кармалган Кыргызстандык жаран Светлана Кулбаеванын өлүм жазасына тартуу өкүмү 2016-жылдын 4-февралында аткарылган. Айрым талдоочулар Кыргызстанда да оор кылмыш кылгандарга өлүм жазасын киргизүү керектин айтууда.
2010-жылдын 6-ноябрында Ош аэропортунан Үрүмчү шаарына учкан Кыргызстандык жаран Светлана Кулбаева жанынан, салмагы 7 килограммдан ашуун жашыл түстөгү “героин” баңги заты табылган. Ал Үрүмчү шаарындагы аялдар абагында кармалып турган жана 2011-жылы 19-декабрда Сот анын өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарган дейт Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов.
Баңгизат менен кыргызстандык аял Кытайдан кармалгандан тарта эле, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аны өз мекенине которуу аракетин көрүп баштаган. Бирок, тилекке каршы Кытайдын сот системасы өкүмдү 4-февралда дароо өлтүрүүчү ийне сайуу менен ишке ашырды – деп кошумчалады Нурлан Сүйөркулов.
Эгер өлүм жазасына тартылган жаран Кыргызстанга которулуп келсе, үй-мүлкүн толук мамлекетке өткөрүү менен 10 жылдан ашуун темир тор артында жашоо жазасы берилмек. Кылмыз-жаза кодексинин негизинде баңги заттарын сатуу, колдонуу жана алып жүрүүгө катыштыгы бар жаран, маңзаттын сортуна жана салмагына жараша эң кеми 3 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Маселен 1 граммдан героин үчүн да кылмыш-жоопкерчилигине тартуу каралган.
Юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиевдин пикиринде, акыркы учурда көбөйүп жаткан маңзаттарына байланыштуу кылмыштарды азайтуу максатында, айрым оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү керек. Кыргызстандын кылмыш-жаза кодекси гумандуу жана сот системасы да коррупцияга малынган. Андыктан кылмышкерлерге оор жазаны колдонуу менен тартип орнотуу мезгил талабы.
Бирок, ошол эле учурда айрым милиция кызматкерлери кандай жол менен болос дагы кылмыштын бетин ачуу максатында, бейкүнөө адамдардын чөнтөгүнө баңги заттарын сала коюп, жалган жалаа менен кылмыш жообуна тарткан учурлары жок эмес. Андыктан өлүм өкүмү адилет чечилип калышы мүмкүн дешет талдоочулар. Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде наркотикалык заттарды сатууга жана таратууга катыштыгы бар кылмышкерлерди өлүм жазасы өкүм кылып, аны менен маңзаттардын таралуусуна бөгөт коюуп келет.