Жаңылыктар
Максат ажы Токтомушев кайрадан муфтий болуп шайланды
Дин
Максат ажы Токтомушев кайрадан муфтий болуп шайланды

Максат ажы Токтомушев кайрадан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтийи болуп шайланды. Алгач аалымдар кеңеши жыйын куруп, 21 мүчөнүн 19у жалгыз талапкер Токтомушевди тандаган. 

Андан соң Бишкекте өтүп жаткан өлкө мусулмандарынын алтынчы курултайында эки жүздөн ашуун делегаттын көбү мурунку муфтийди колдоду.

Эскерте кетсек, муфтий шайлоосуна 3 талапкер - азыркы муфтий Максат Токтомушев, Чубак Жалилов жана Ниязалы Арипов катталган болчу. Шайлоого саналуу күн калганда эки талапкер шайлоодон баш тарткан. 

Андан тышкары курултайдын жүрүшүндө Аалымдар кеңешинин курамы жаңыланды. 54 кишиден турган кеңештин мүчөлөрүнүн көбү мурдагы кишилер, жаңылардан дин таануучу Кадыр Маликов кошулду. Төрагалык орунга кайрадан Абдышүкүр Нарматов шайланды. 

Жаңы шайланган муфтий, колдогон адамдарга ыраазычылык билдирип, ишеничти актоого, элдин руханий маданиятын жогорулатууга аракет жасай турганын белгиледи.