Жаңылыктар
Имамдардын билимин жогорулатуу үчүн окуу-тренингдер өткөрүлүүдө
Дин
Имамдардын билимин жогорулатуу үчүн окуу-тренингдер өткөрүлүүдө

Имамдар эл менен түздөн-түз иш алып баргандыктан коомду адеп-ахлакка, маданияттуулукка үндөп келет. Мындан улам имамдар ар тараптуу өнүккөн, маселеге терең караган инсан болушу кажет. Себеби имам коомдо болуп жактан жат көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырып, осуят, насаат берет. Бул максатта “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан имамдар үчүн окуу-тренингдер өткөрүлүп келүүдө.

Имамдын зоболосун кантип жогорулатса болот. Себеби имамдар бир гана мечитте отуруп, 5 маал намазын окуп, дуба келтирип, зикир чалбастан коом менен түз иш алып баруусу шарт. Мындан улам “Ыйман” фонду имамдарды окутуу программасына бир эле куранды, хадисти, фейх же ислам укугу, масхаб тарыхы гана эмес дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясат, тил маданиятын өнүктүрүү, айти технология, астрономия менен биологияга чейин камтыган. Кыскасы имамдар төгөрөгү төп келген инсан болушу кажет. Сырткы келбети, жүрүм турумунан тартып, адептүү, илим, билимдүү.

Айт намаздарда, ири диний иш чараларды куранды кырааты менен окуган Нуркамал Мизираимов борбордук мечиттин имамы. Адегенде куран жаттоо борборунда билим алып, кийин жогорку окуу жайлардын биринчи араб тили боюнча адистикке ээ болгон имам дин кызматкерлери үчүн билимин жогорулатууну туура көрөт. Анын үстүнө имам заман талабына бап келген, ар тараптуу өнүккөн инсан болушу кажет. Анын айтуусунда тренингге катышкандардын көбү көп нерсени үйрөнүп, унутта калгандарын эстеди.

Имамдардын имиджин көтөрүү боюнча аракеттин дагы бир маанилүү жагы алардын кийими. Азыркы учурда Ыйман фондуна тигүү ишканалары улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн кийим-кечелердин мезгилге жараша ар кандай түрлөрүн алып келүүдө.
Эми бул кийим-кечелердин арасынан ылайыктуусу тандоо менен аныкталса имамдарга ушундай формаларга буйрутмалар берилет.