Өкмөт 2017-2020-жылдарга Кыргызстандагы экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны коомдук талкууга чыгарды. Программа экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү, экстремизмдин алдын алуу, терроризм коркунучун жокко чыгаруу тармактарында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу каралган. Ошондой эле, аталган программа адамдын, инсандын, коомчулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого багытталат.
Кыргызстандагы экстремизм жана терроризм ойлорунун жайылышынын спецификасы төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат:
- радикалдык диний агымдардын уюшулган кылмыштык топтор менен биргелешүүсү;
- эркинен ажыратуу мекемелеринде үгүттөө;
- Кыргызстан калкынын санынын өсүшү менен бирге жаңы чөйрөдө начар аралашкан жана төмөн социалдашуусу менен эмгек мигранттардын көбөйүшү;
- экстремисттик ишмердүүлүккө тартылган жашы жете электер, аялдар, жаштар, улгайган адамдардын арбындашы.
Начар тараптары:
- экстремисттик жана террористтик топторго үгүттөө жолдору тез-тез алмашып тургандыгынан улам, экстремизмдин алдын алуу жана жокко чыгаруу боюнча чаралардын эффективдүүлүгү жетиле элек;
- маалыматтык-түшүндүрмө иш-чаралар тийиштүү деңгээлде коомчулуктун кеңири катмарларын камтый албайт;
- интернет тармагында экстремисттик жана террористтик мазмундагы материалдардын жайылышына каршы система жетиштүү деңгээлде иштеле элек;
- толук кандуу иштеле элек, чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана көзөмөлдөө системасы менен бирге, сырткы жана ички миграция жогорку деңгээлде сакталууда;
- үй-бүлө институту начарлап, кароосуз өспүрүмдөрдүн саны артып жатат, өзгөчө мигранттардын балдарынын арасында;
- диний окуу жайларында билим берүү деңгээли төмөн бойдон калууда, бул ата мекендик теологиялык билим берүү системасынын атаандаштыкка туруксуз экенин аныктайт;
- экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын системалуу түрдө жогорулатуу жана даярдоо иштери аягына чыга элек;
- белгилүү бир аймактарда жашаган айрым этникалык топтордун өкүлдөрүнүн начар айкалышуусу байкалууда;
- экстремисттик жана террористтик топторунун каржы агымдарын көзөмөлдөө жана каржыланышын аныктоо системасын жакшыртуу зарыл;
- орто жана жогорку билим берүү системасы экстремизм менен терроризмдин чакырууларына ийкемдүү эмес;
- профилдик укук коргоо органдары заманбап техника, курал-жарак жана башка жаңы иштелмелер менен начар жабдылган;
- стратегиялык объекттер потенциалдык террористтик коркунучтардан коргонушу жетишсиз деңгээлде;
- эркинен ажыратуу жайларында экстремизм менен терроризм идеологияларына каршы күрөшүү боюнча алдын алуу системасынын жоктугу;
- экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон, ошондой эле согуштук иш-аракеттерге катышкан адамдарды актоо жана кайрадан айкалыштыруу тажрыйбасынын жоктугу;
- айрым диний лидерлердин саясий процесстерге жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүү тенденциясы сакталууда.