Жаңылыктар
Өлкөдө газ куурларын ташып бириктирүү иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө газ куурларын ташып бириктирүү иштери уланууда

Бухара газ району-Ташкент-Бишкек-Алматы магистралдык газ өткөргүчүнүн Кыргызстандагы бөлүгү жай айларында бүткөрүлөт. Көгүлтүр отту ташуучу куур, өлкөнүн 113 чакырымын аралап өтөт. Долбоор соңуна чыкса Кыргызстандын түндүк аймактарын көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзүлөт. 

Газ куурларын ташып бириктирүү иштеринин тездик менен жүруп жатканына күбө болдук, бирок көгүлтүр отту жеткирүү үчүн керек болгон инфраструктура муну менен эле даяр болуп калбайт.
Бул Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өлкө аймагын газдаштыруу келишиминин алкагында жасалып жаткан иштердин бири. Долбоор келечекте 3 өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылат.
Бухара газ району-Ташкент-Бишкек-Алматы магистралдык газ өткөргүчү. Анын алгачкы курулушу 40 жыл мурда жүргүзүлгөн. Эми магистралды узартуу зарылчылыгы пайда болуп отурат. Бул системанын Кыргызстандагы чектери катары Чалдовар менен Кордай белгиленген. Газ куурларын сегиз чакырымга орнотуу иштери гана калды.


Бул магистралдын 113 чакырымы Кыргызстандын аймагын аралап өтөт. Сиздер көрүп турган техникалардан 150 бирдик тартылган. Ошондой эле 300дөн ашуун жумушчу тынымсыз иш алып барууда. Долбоор толугу менен жүзөгө ашкандан кийин өлкөнүн түндүк аймактарын көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түзүлөт.
Жаңы газтранспорттук системада баардык коопсуздук эрежелерди эске алуу менен курулууда. Мурдагы газ куурларына салыштырмалуу мында көгүлтүр отту өткөрүүнүн жөндөмдүүлүгү эки эсеге жогору болот.

“Саатына 450 миң куб-метр көгүл отту өткөрүүгө эсептелген. Муну менен ар жыл сайын 4 миллиард куб газды ташууга мүмкүнчүлүк болот деп ишенебиз. Ылдамдык Кыргызстан үчүн да, Казакстан үчүн да маанилүү. Көгүл отту керектөөгө болгон муктаждык улам өсүп жатат. Магистралдын биздин өлкөдөгү бөлүгүнүн жалпы курулуш иштери июнь айында бүткөрүлөт”,-деп билдирди "Газпром Кыргызстан” ЖЧК башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов.

Кыргызстандын аймактарын газдаштыруу үчүн орусиялык ишкана 3 жыл аралыгында 20 миллиард рубль инвестиция салаары кабарланган. Бул долбоордун Кыргызстанга таандык бөлүгү да белгиленген каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле учурда Чуй облусунун айылдарына жана борбордогу жаңы конуштарга газ түтүктөрүн тартуу иштери уланып жатат.