Жаңылыктар
Жалал-Абадда 6 гектар жерге өрүк жана жаңгак көчөттөрү отургузулду
Айыл чарба
Жалал-Абадда 6 гектар жерге өрүк жана жаңгак көчөттөрү отургузулду

Жалал-Абаддын Кашка-Терек айылына 2 миң түпкө жакын кара өрүк жана жаңгак көчөтү отургузулду. Бул демилгени жергиликтүү эл райондогу Орток токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте колго алган. Мөмө берүүчү бак-дарактарды тигүү менен айылды көрктөндүрүп, токой аянтын көбөйтүү максаты көздөлгөн.

Кашка-Терек айылынан Жаңы-Арык айылына кеткен жол бул күнү өзгөчө жандуу. Анткени мында элеттиктер көчөт отургузуу үчүн чыгышкан. 1 миң 800дөн ашуун кара өрүк жана жаңгак көчөтү жалпы 6 гектардан ашуун жерге отургузулду. Дал ушул мөмөлүү дарактар келечекте эки айылдын эли үчүн жемишин төгүп, бул жолду жашыл аянтка айлантат деген үмүт чоң.
Көчөт тигүү өнөктүгу жашыл долбоордун алкагында ишке ашып жатат. Мындан сырткары өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкөнүн ар бир районунда 10 гектардан кем эмес жер тилкесине көчөт тигүү тапшырмасы коюлган.

“Айыл өкмөттөргө да эгип берип жатабыз, бирок алар жакшы карабай көчөттөрдү малдар жеп жатат. Быйыл өзгөчө суу жеткен жерлерди тандап алып, көчөт тигип жатабыз. Эми биз тараптан эгилген көчөттөр тыкыр көзөмөлгө алынып турат. Бул жерге кароол да коебуз”,- деди Жалал-Абад облустук айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгынын башчысы Бакытбек Эрмеков.

Быйыл бак-дарак тигүү жана токой аянттарын кеңейтүү аракети облуста жакшы нукка коюлууда. Байма бай эл менен жолугушуулар өтүп, жашыл аянттарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.