Жаңылыктар
Өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясы кабыл алынат
Экономика
Өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясы кабыл алынат

Өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоору жай айларына чейин даярдалышы керек. Бул боюнча президент Алмазбек Атамбаев туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бешинчи отурумунда билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, маанилүү документ жалпылап эмес, ар бир тармакты камтып, дыкат иштелип чыгышы зарыл. 2040-жылга чейин кубаттуу өлкө куруу демилгеси жөн жерден чыккан жок. Анткени ал жылы Кыргыз каганатынын 1 миң 200 жылдыгы белгиленип, ага удаалаш Кыргызстан эгемендик алганына жарым кылым толот.

Мындан 4 жыл мурун өлкөнү 2013-2017 жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия иштелип чыккан. Документ мамлекеттүүлүктүн пайдубалын кайра курууга өбөлгө түздү. Программада камтылган орчундуу иштер аткарылды. Бул ирээт бийлик алдыга карай кенен арыш жасоого камынып жатат.
Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия калктын жашоо шартын жогорулатуу үчүн ички дүң продукцияны өстүрүүгө багытталган. Узак мөөнөттү басып өтчү жол картаны кабыл алыш үчүн өлкөдө бекем пайдубал түптөлгөн десек болот. Мисалы, Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болгон, газ берүүдө маселе жоюлган. Стратегиялык жана ички жолдор курулуп жатат. Туризм өнүгүүдө, күч тармагында реформа жүрүп жана коррупцияны ооздуктоо аракети уланууда. Серепчилердин айтымында, алдыда кабыл алынчу олуттуу долбоордун үстүнөн дагы масштабдуу түрдө иштөө зарыл.
Серепчилер стратегия сөзсүз түрдө ар бир багытка бөлүнүп, жүктөлгөн милдеттер качан ишке ашырылаары тууралуу так аныкталышы кажет экенин дагы айтууда.

“Бир жакка сапарга чыгып жаткан адам кайда бара жатканын билиши керек. Колунда карта болушу керек мамлекет, өзүнөн өзү өнүгө бербейт. Баалуулук керек, стратегия эмне каалайбыз дегенге жооп бербеши керек кантип жетебиз кайсы убакта чектеп көрсө болот. Көзөмөл механизм керек”,- дейт серепчи Умбриэль Темиралиев. 

Мындан тышкары өлкө экономикасына бирден бир киреше алып келе турган приоритеттүү тармак болгон туризм тармагы, мал чарбачылыгы, жер иштетүү жана өндүрүшкө өзгөчө басым жасалышы керек. Ал эми бул максаттарды ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте өлкөдө туруктуулук болушу абзел.

“Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын аткарылышы- бул өлкөнү олку-солку кылгысы келген, эгемендикке шек келтирген, үчүнчү революцияны каалаган тараптарга жооп болду. Кыргызстанда Атамбаев президент болуп турган маалда тынчтык, бейкуттук орноду. Баардык аткарылган иштер бейпил замандын аркасынан ишке ашып отурат”,- деп билдирди тарых илимдеринин доктору Айнура Арзыматова.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясына кызыкдар тараптар долбоорлорун сунуштайт. Жаңы иштелип чыкчу жол карта жай айларына чейин талкууланып күз айларында кабыл алынмакчы.