Жаңылыктар
Жүздөгөн ири документтер текшерилип, иликтенет
Экономика
Жүздөгөн ири документтер текшерилип, иликтенет


Кыргызстанда буга чейин жүздөгөн ири документтер жазылган бирок бардыгы кагаз бетинде калып, жыйынтыгы чыгарылган эмес. 2013- 2017- жылдарга жазылган стратегия талкууга алынып, бул арада эмнеге жетишип, кайсы талаптарын аткара албай калдык деп баа берилишин коомдук ишмерлер, экспертер жакшы жышана катары сыпатташууда. Жөнөкөй тургундар болсо мамлекеттик башкарууда ачыктык орун алып калганын белгилешет. 

Белгилей кетсек мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2013- 2017- жылдар үчүн жазылган “жол картанын” аткарылышына баа берип жатып, «Тарых жана келечек алдындагы жоопкерчилик бизди 2040-жылга күчтүү, өзүн өзү баккан жана өсүп-өнгөн мамлекет курууга милдеттендирет» деп белгиледи. Айрым эксперттер узак жылга жазылган стратегиялык документ өзгөрүүгө дуушар болуш ыктымалдыгы болгону менен  негизги түркүгү, идеясы кала берет  деп ишендиришүүдө. Айрым талдоочулар кийинки келген бийлик, жаңы  баштоочу, таптоочу  катары эмес, стратегиялык жолу улай тургандай болушу керек деп белгилешүүдө

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"