Жаңылыктар
Магистралдык газ өткөргүчүнүн курулушу кызыды
Экономика
Магистралдык газ өткөргүчүнүн курулушу кызыды


"Бухара газ району – Ташкент – Бишкек – Алма-Ата” магистралдык газ өткөргүчүнүн курулушу кызыды. Буга дейре аталган аралыктагы газ өткөргүч курулушунун биринчи бөлүгү толугу  менен аткарылган болсо, учурда экинчи бөлүгүнүн курулушу 60 пайызга аткарылып калды. Курулушка 150 атайын техникалар жана 300 жогорку квалификациялуу адистер тартылган. 

Учурдагы курулуш Казакстандын чек арасына сегиз чакырым калды. Мында аба ырайынын катаал шартына карабай  курулуш иши кызуу уланып жатканына жеринен күбө болдук. Газ өтүүчү трубаларды  бири-бирине кураштыруу иштери да өзүнчө жоопкерчиликти талап кыларын анда иштеп жаткан куруучулар белгилешти. Мында курулуш ишине Кыргызстандан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Украина өлкөлөрүнүн кесипкөй куруучулары тартылган. Алар Кыргызстандын аймагы аркылуу  өтө турган 131 чакырым аралыктагы жерге газ өткөрүү трубаларды бириктирүү  жумуштарын жасап жатышат. Анткени, бул курулуш Борбордук Азия аймагы үчүн зор  маани ээ курулуш экенин “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өкүлү билдирди. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"