Жаңылыктар
Жапалак айылынын тургундары эмнеге нааразы?
Кыргызстан жаңылыктары
Жапалак айылынын тургундары эмнеге нааразы?


Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын тургундары нааразылык билдирип чыгышты. Анткени шаардык мэрия ал жака каттаган чоң автобусту бир күндө эле токтотуп коюшту. Анын ордуна Жапалакка кичи маршруттук такси каттай турган болуп калды. Себебин сурап, мэриянын алдына келген тургандарга чоң автобустун чыгымы көп болуп  жатканы менен түшүндүрүштү. 

Жапалак айылынын тургундары эгер маселе чечилбесе, дагы нааразычылык билдиришип, мэрияга келээрин айтып, кайра кетишти. Белгилей кетсек, аталган аймактык башкармачылыгында 17 миңден ашуун эл жашайт.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош шаары