Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 2016-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы боюнча Башкы прокурордун отчетун укту.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы Кыргызстанда өтө оор кылмыштардын саны кыскарды. Мыйзамдуулукту бузуунун көпчүлүгү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар чөйрөсүндө уланып жаткандыгы белгиленди. Бул жагдайлар, Жогорку Кеӊештин тармактык комитетиндеги 2016-жылы Кыргызстанда прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчетунда белгиленди.
Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"