Жаңылыктар
Жалал-Абадда ойлоп табуучулардын сынагы болуп өттү
Билим
Жалал-Абадда ойлоп табуучулардын сынагы болуп өттү


Жалал-Абад шаарында ойлоп табуучулардын сынагы болуп өттү. Ага облустун бардык райондорунан окуучулар келип катышышты. Сынактын шартына ылайык учурдагы техникаларга жаңы бир өзгөчөлүк алып келген нерселердин макеттери коюлган. Сынак “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аталышта болуп, ага 63 өспүрүм катышты. 

Сынактын жыйынтыгында информациялык технологиялар жана программалаштыруу номинациясы боюнча биринчи даражадагы диплом менен кыймылга келүүчү мунаранын макетин жасаган Севара Умарова сыйланды. Ал эми гран-приге айыл чарбасында колдонулуучу буюмга өзгөчөлүк киргизген уникалдуу отун жаргычты жасаган өспүрүмдөр ээ болду. Белгилей кетсек жаш ойлоп табуучуларды шыктандырган сынак жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал эми жеңүүчү аталгандар кийинки айда Бишкек шаарында өтүүчү конкурска катышышат.

Талгат Бакиев, "Биринчи радио"