Жаңылыктар
Садыр Жапаровдун ден соолугу учурда канаттандыраарлык
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаровдун ден соолугу учурда канаттандыраарлык

Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун ден соолугу канаттандыраарлык. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди. Учурда анын саламаттыгы жакшы, аны эки кызматкер дайыма кайтарып жүрөөрүн, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматкерлерине эч кандай доосу жок экенин айткан. Ал бычакты алып, колун жана мойнун өзү кескенин кошумчалаган. 

"Саламаттыгым жакшы. Мага кабатыр болбогула. ЖАМК кызматкерлерине эч кандай доом жок. Мындай кадамга эмнеге барганымды билбейм, шок абалында болчумун. Бычакты алып өзүмдү сайгылап салдым. Андан кийин эле ооруканадан ойгондум",- дейт Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган экс-депутат Садыр Жапаров 2-апрелде таңга жуук мойну жана колу кесилген абалда №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилген.