Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы 2003-жылы январда Атамбаев Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошо кездеги 45 млрд түрк лирасына сатканын күбөлгөн документтерди Башкы прокурорго берди. Ал келишим тууралу маалымат Түркиянын тийиштүү маалымат бюллетенинде 2003-жылы 31-январда жарыяланган.

 

Бул материалдар Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн акчалары 2010-жылдан кийин гана пайда болгон деген Өмүрбек Текебаевдин сөздөрү жалаа экенин документтер менен ырастайт. Текебаев, ошондой эле анын бир катар партиялаштары жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү дагы өздөрүндө жана өздөрүнүн жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон көп миллиондуу кирешелери тууралу маалыматтарды берүүгө тийиш. 

Муну Президент менен жолугушууларда 7-апрелде Ала-Тоо аянтында курман болгондордун ата-энелери менен балдары, ошол кезде оор жаракат алган жарандар талап кылып жатышат. Башкы прокуратура Жазык кодексинин мыйзамсыз байуу тууралу тийиштүү беренелерин эске алууга тийиш», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.