Жаңылыктар
Спортчулардын акчасы уурдалды
Коррупция
Спортчулардын акчасы уурдалды

 Кыргызстандын мыкты спортчуларынын стипендиясына, курама командалардын төлөмдөрүнө жана жол-киресине мерчемделип мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат уурдалганы белгилүү болду. 

Эсеп палатасы 2014-жыл боюнча жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында түзүлгөн акттын негизинде Башкы прокуратура өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинде текшерүү жүргүзгөн. 

Натыйжада мекеменин айрым кызматкерлери жасалма бухгалтердик документ түзүп 7 миллион 872 миң сомду өз пайдасына жумшаганы аныкталды. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө башталды.