Жаңылыктар
Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештер түзүлүшү мүмкүн
Экономика
Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештер түзүлүшү мүмкүн

Өлкө аймактарында бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештерди түзүү зарыл. Мындай пикирин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында билдирди. Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан өлкөдө бизнеске болушунча жагымдуу шарт түзүү тапшырмасы коюлганын айткан премьер-министр облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө жер-жерлерде мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамын жүзөгө ашыруу ишин ыкчамдатуу тапшырмасын койду.   

Жалал-Абаддагы бул көлөч чыгарган заводдун иштеп жатканына бир жыл болду. Учурда мында 60 жумушчу күнүнө 500 көлөч даярдап чыгарууда. Чыгарылган продукция азырынча ички базарда сатылууда, келечекте заманбап жабдууларды орнотуп экспортко чыгаруу максаты бар. Ага чейин баардык жумуш колго жасалууда. Ишкана кожоюндары өкмөт тарабынан жардам болсо экономиканы көтөрүүгө арбын салым кошоорун айтышат.

 Мамлекет менен бизнестин ортосундагы байланыштын маанилүү экенин эске алуу менен бизнести өнүктүрүү жана инвестицияны өнүктүрүү кеңештери өлкөнүн баардык облустарында түзүлүшү керек-деди премьер-министр. Өкмөт башчы экономикалык кылмыштарга каршы кызматынан бөлөгү ишканаларды текшерүү укугунан ажыратылганы менен аймактарда мындай көрүнүштөр уланып жатканын айтты. Мындан улам аймактарда ишкерлерге бизнес-план, орто жана чакан бизнес тууралуу дайыма окууларды өткөрүп туруу тапшырылды.

Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында мындан тышкары ата мекендик продукцияны экспорттоого ветеринардык жана фитосанитардык сертификат алуунун жол-жоболору боюнча ишкерлер маалымдар болбой жатканы тууралуу маселе да каралды. Кошумчалай кетсек өлкөдө эл аралык талаптарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар ачылып жатат. Жыл аягына чейин Кыргызстанда 13 ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар ишке берилет.