Жаңылыктар
Апрель баатырлары жанын да, канын да аябайт
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель баатырлары жанын да, канын да аябайт

Жети жыл мурда ак үй алдында жарадар болгондордун катарында Максат Чегирткеев да бар. Жаракаттан пайда болгон ооруну жеңип, эми бактылуу жашоого аттанды. Апрель баатырынын жашоо-турмушу менен Калыгул Асамбаев таанышып келген.

Максат Чегирткеев ак үй алдында өтө оор жаракат алгандардын катарында. Адилетсиз бийликке сокку урулган ал күндү кубаныч менен да, өкүнүч менен да эскерет. Себеби жети жылынын көп бөлүгүн ооруканада өткөрдү. 27 жаштагы апрель баатырынын ай сайын алган жөлөк пулунан башка кирешеси жок. Айрым учурларда жакын адамдары жардам берип келет. Илдет аны мамлекет берген батирде гана күн өткөрүүгө аргасыз кылды. Эми ой-максаттарын орундатууга камынып турат.

Жашоого үмүт берген уулдарын адилеттүүлүккө, кайрымдуулукка тарбиялоо каарманыбыздын дагы бир максаты. Кыргызстандын соңку тарыхында болгон каргашалуу окуяларды кийинки муун көрбөсө деп тилек кылат.