Жаңылыктар
Бишкекте жер үстүнөн өтмөктөр салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жер үстүнөн өтмөктөр салынат

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада төрт жерге жер үстүнөн өтүүчү өтмөк салат. Өтмөктөрдүн жумуш долбоору жасалып, аны курууга тендер жарыяланды. Бишкек шаардык мэриясы, борбордогу баш аламандыкты тартипке келтирүү, жол тыгындарын азайтуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна шарт түзүү максатында унаалар көп топтолгон жерлерге, негизги базарларга жер үстүнөн өтүүчү жол куруу чечимин кабыл алып, долбоор даяр болду. 

Мындай өтмөктөр Аламедин”, “Мадина” базарларынын, Ош базарынын жана ЦУМдун жанында пайда болот, ал эми Шабдан баатыр көчөсү менен Чүй проспектисинде экиден курулат. Бул өтмөктөрдүн сырты айнектелип, жайы-кышы таза абалда болууга ыңгайлашып, кары-картаңдар менен мүмкүнчүлү гү чектелгендер үчүн эки тарабына лифттер орнотулат. 

Жолдо жүрүү жана андан өтүүнү тартипке салуучу бул долбоорду жүргүнчүлөр кубануу менен кабыл алышууда. Сынактан утуп чыккан компания аныкталаары менен өтмөктөрдүн курулушу башталат. Мэриядан ишендиргендей Аламедин жана Мадина базарларынын жанындагы өтмөктөр 31-августта пайдаланууга берилет. Ал эми Ош базары менен ЦУМдун жанында өтмөктөрдү курулушу келерки жылы башталат. 

Шаардыктар жана калаа меймандары үчүн дагы бир кубанычтуу кабар - жер астынан өтүучу өтмөктөрдүн экөөсүндө капиталдык оңдоо иштери жакынкы күндөрү башталат. Бул үчүн мэриянын бюджетинен 70 миллион сом бөлүндү. Акырындык менен калаадагы бардык өтмөктөр заман талабына ылайык оңдолуп чыгат деп шаар бийлиги ишендирүүдө.