Жаңылыктар
Ак кызмат өтөгөндөр унутулбайт
Спорт
Ак кызмат өтөгөндөр унутулбайт

 Бишкектеги «Динамо» спорт комплексинде Ички иштер министрлигинин тез чара көрүүчү атайын отрядынын кызматкерлери арасында самбо боюнча чемпионат өтүүдө. Мелдеш кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жаркын элесине жана Мекенди коргоо күнүнө карата уюштурулган. 

Ошондой эле 26 - февралда болуучу тез чара көрүүчү атайын отрядында иштегендердин күнүн утурлай өткөрүлгөн таймашка өлкө аймагынан келген милиционерлер катышып жатат. Анда 62 килограммдан жогорку 7 салмактык категориядагы спортчулар күч сынашууда. Мелдештин жыйынтыгында, жеңүүчүлөр кубок жана атайын дипломдор менен сыйланат.