Өзгөн шаарындагы борбордук базарда кызыл тилкеге чыгып кеткен соода орундарын ирээтке келтирүүдө калаа бийлиги алсыздык кылып жатат. Анткени айрым жер тилкелери 2015-жылы жеке жактарга узак мөөнөткө ижарага берилип кеткен. Жылына миңдеген чет өлкөлүк туристтерди тарткан байыркы Өзгөн шаары өкмөт тарабынан тандалып алынган өнүгө турган 20 шаардын катарына кирген. Жалпы аянты 12 гектарды түзгөн Өзгөн базары -Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун эли соода кылуучу жападан жалгыз соода борбору. Эшигин көрүп төрүнө өт. Базардын босогосуна жайгашып алган баш-аламан соода орундарынан балалуу эмес, жалгыз бой адамга өтүү түйшүк жаратат.
Базардын оозунда соода кылгандардын бири- Болдукыз Жороева, бул жайда 7 жылдан бери отурат. Айтымында, соода оруну үчүн мамлекетке эч кандай акы төлөбөйт. Эгер, базардын кире бериши соода күркөлөрүнөн тазаланса, мамлекетке салык төлөй турган соода орунунда отурууга каршылыгы жок. Баш-аламан соода орундары жайгашкан 240 чакырым аянтка убактылуу кожоюндук кылган Хасановдор, бул жай мыйзамдуу экендигин айтат. Базар ичинен бош орундарды четтен кезиктирүүгө болот. Оңой оокаттын даамын татып калгандар , ай сайын миң сомдон акы төлөөнү оор көрүшөт. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Өзгөн шаары боюнча эң чоң трансформатор да дал ушул базарда жайгашкан. Демек, базар аркылуу чоң чыңалуудагы электр чубалгылары өткөн. Кокус базарда өрт чыкса, аны өчүрүү чоң азапка айланаары дагы бир ирет тастыкталды.
Рейд учурунда өрт өчүрүүчү унаа, базардын босогосунан ары кире алган жок. Кызыл тилкедеги жолдун дээрлик баарын - соода крклр бөгөп алган. Аймактык экотех кызматынын маалыматында, мындай тосулган жолдон базарда 35и бар. Ал эми, Өзгөн базарынын атайын суу сактоочу кампасы да эбак эле, кимдир бирөөгө менчикке берилип кеткен.
Мыйзам чегинде иш алып барууда же, базарды ирээтке келтирүүдө калаа бийлиги канчалык аракет кылбасын майнап чыкпай келет. Анткени, базардагы талашка түшкөн 240 чарчы метр жер, 2015-жылы одоно мыйзам бузуулар менен беш жылга ижарага сатылып кеткен.
Жер тилкесин шаардын карамыгына өткөрүү аракети- 2020-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жатканын калаа бийлиги билдирет. Ага ылайык, жолдогу унаа тыгындарын кыскартуу максатында базардын так маңдайына асма жол менен жол астынан өтүүчү өтмөк салуу долбоору иштелип чыккан. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 8 миллион сом акча каражаты да бөлүнгөн.