Жаңылыктар
Мекендештерибиз ММА боюнча дүйнө чемпиону аталышты
Спорт
Мекендештерибиз ММА боюнча дүйнө чемпиону аталышты

Азербайжандын борбору, Баку шаарында өткөн "КЕМРО" күрөш чеберчилиги боюнча экинчи Азия оюндарына Кыргызстандын атынан үч спортчу катышып, мыктылардын катарында өлкөбүздүн желегин желбиретишти. Ал эми Жайыл Жакшылык уулу жана Турсунбек Асылгазиев ММА боюнча титулдук беттешүүнү жеңип, дүйнө чемпиону аталды. 

“КЕМРО” күрөш чеберчилигине ММА, грэплинг, жиу-житсу сыяктуу спорттун түрлөрү кирет. 39 жаштагы Жайыл Жакшылык уулу алдын ала макулдашылган атаандашы медициналык кароодон өтпөй калып, өзүнөн он жаш кичүү жергиликтүү мушкер менен күч сынашкан. ММА деп аталган аралаш беттешүүлөр эрежеси боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн Жайыл 70 килограммга чейинки салмак категориясында чыккан. Мушкердин айтымында, чет өлкөдө өткөн мелдештерге катышуу абдан оор, кээде мекендештердин колдоосу жетпей калат. Ал эми Бакыт Кадыров титулдук беттешүүдөн жеңилип калган. Бирок эртеси болгон күчүн топтоп, грэпплинг боюнча алтын медалды багындырды. ММА боюнча дүйнөлүк наамдар үчүн мушкерлер бир атаандаш менен гана беттешет. Бирок ага чейин чемпиондор кыйын жолду басып өтөт.

ММА боюнча дүйнө чемпиону болгон Жайыл Жакшылык уулу балалык кезинде эле спорттогу жетишкендиктери үчүн Ак-Моюн айылынан борбор калаага келип, чоң спортко аралашууну максат кылган. Ал эми бүгүн Бишкек шаарында массалык спортту өнүктүрүү боюнча башкы адис кызматын аркалап келет. Көпчүлүккө үлгү болчу бул спортчу , кандай гана тоскоолдук болбосун жеңип өтүп, ийгиликке жетишсе болооруна ишенет.Ал үчүн туура багыт алып, туура машыгуу керек.