Жаңылыктар
Өлкө аймагында жер көчкү арбын катталууда
Өзгөчө кырдаал
Өлкө аймагында жер көчкү арбын катталууда

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл өлкө аймагында жер көчкү арбын катталууда. Тактап айтканда, быйыл жыл башынан бери жалпы 56 жер көчкү жүргөн. Анын ичинен отуз тогузу түштүк  жергесинде  болууда. Мындан сырткары, түштүктө  дарыяларда суунун деңгээли жогорулап жатканы байкалып жатат. 

Азыркы күндө  өзөн, дарыяларда суунун көлөмү нормадан ашык, май айларында мындан дагы  чоң кооптуулук жаралышы ыктымал. Күтүлүп жаткан сел сай жээктеринде жайгашкан турак үйлөр менен эгин талааларды каптап кетиши толук мүмкүн. Буга байланыштуу  жергиликтүү бийлик  элеттиктерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жазгы  табигый кырсыктардын алдын алышы керек дешет адистер. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"