Жаңылыктар
Апрель революциясында курман болгондорго куран түшүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель революциясында курман болгондорго куран түшүрүлдү

2010-жылы 7-апрелдеги Элдик Революциясында курман болгондорго куран түшүрүлдү. Ага алардын үй-бүлөсү жана жаракат алган баатырлар чакырылды. Бул иш-чараны уюштурган Бишкек шаарынын Ленин райондук мамлекеттик администрациясы шейит кеткендердин үй-бүлөсүнө 4000 сомдон, жарадар болгондорго 2000 сомдон акчалай жардам берди.  

Мамлекеттик органдар кандуу революциянын курмандыктарын эскерүү чараларын уюштурса, алардын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында бир катар коомдук уюмдар иш алып барууда. Ал эми мында чогулган көпчүлүк  өлкөдө тынчтык болсо деген тилегин билдирип жатты.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио”