Жаңылыктар
Апрель ыңкылабы: элдик толкундоо Таластан башталган
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель ыңкылабы: элдик толкундоо Таластан башталган

Элдик толкундоолор 6-апрель күнү Таласта башталып,  арты  кайгылуу  окуялар менен  коштолгон. Талас эли айрым социалдык көйгөйлөрүн чечүү, адилет бийликти эңсеп алгач облустун борбордук аянтына 1000дей адам чогулуп, бара-бара элдин агымы көбөйүп тынч башталган митинг башкаруусуз массага  айланган эле. Таласта башталган элдик толкундоолор, 7-апрель күнү Бишкекте уланып, ошол кездеги бийликтин кулатылышы менен бүткөн. Ошол кезде жергиликтүү бийлик  өкүлдөрү чогулган элге басып келбегендиги, ага кошумча Болот Шерниязов сыяктуу митингдин уюштуруучуларын күч органдары кармап кетти- деген маалыматтар, эл арасында  баш аламаныкты пайда кылган.

Апрель баатырлары элдин келечеги үчүн кан  төккөн, кыргыз журтчулугу эч качан баатыр уулдарын унуткан эмес. Кыргызстандыктар эгемендик жылдары башынан кечирген эки оор кырдаалдын  мааниси  зор  жана алардын тарыхта ачуу изин калтырганы келечек муунга сабак болушу керектиги айтылып келет.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"