Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы беш жаңы конуш газдаштырылат
Экономика
Бишкек шаарындагы беш жаңы конуш газдаштырылат

Быйыл Бишкек шаарындагы беш жаңы конуш газдаштырылат. Өткөн 2016-жылы он жаңы конуш көгүлтүр от менен камсыз болгон. Учурда конуштарда газдаштыруунун жол-жоболору, тартип, шарттары туурасында түшүндүрүу иштери жүргүзүлүп жатат. Буга дейре конуштарда газдаштыруу боюнча айрым адисмин дегендер алдын ала каражат  чогултканы белгилүү. Алардын айрымдары азыр дарегин жашырып, дайынсыз кеткен  мисалдар жок эмес. Мындай дооматтар менен “Газпром Кыргызстан” компаниясынын  дарегине кайрылгандар болгонун өндүрүштү даярдоо бөлүмүнүн адиси Адилет  Жумабеков ырастады.

"Газпром Кыргызстан” компаниясы өлкөнүн газ тармагын өнүктүрүү менен бирге мамлекеттин социалдык экономикалык абалын стабилдүү өнүгүшүнө ынгайлуу шарттарды түзүү. Өкмөттөр аралык келишимде көрсөтүлгөн бардык милдеттенмелерди компания маалында орундатуу камылгасын көрүп келет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"