Жаңылыктар
Бүгүн дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү
Спорт
Бүгүн дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү

6-апрель Кыргызстанда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү. Майрамдын урматына 6-7-апрель күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ар кандай спорттук мелдештер өтөт. 

Иш-чарага армрестлинг, волейбол, гира көтөрүү, кичи-футбол, жеңил атлетика, теннис, тогуз коргоол, шахмат жана башка оюндар кирген. Ошондой эле, жалпы республика боюнча ар кандай спорттук-массалык иш-чаралар уюштурулат.