Жаңылыктар
Милиция кызматкерлери менен коомчулук тыгыз байланышта
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция кызматкерлери менен коомчулук тыгыз байланышта

Бишкекте бей өкмөт уюмдар менен жергиликтүү милиция кызматкерлери бирлгеликте өткөргөн “Жаштардын жана аялдардын мыкты компаниялары” деп аталган программа өз ишин жыйынтыктады. 

Программанын максаты - коомчулуктун милиция кызматкерлери менен болгон социалдык кызматташтыгын арттыруу болгон. Бул багытта 7 ай аралыгында жергиликтүү тургундар менен мектеп окуучуларына 8 маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Маселен, зордук-зомбулук, жаштар кылмыштуулугу жана радикалдуу диний агымдарга азгырылбоо сыяктуу терс көрүнүштөрдү алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Программанын соңунда натыйжалуу ишмердүүлүк жүргүзгөн Бей өкмөт Уюмдардын эмгеги баса белгиленип, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду жана Saferworld уюмунун сыйлыгына ээ болушту.