Жаңылыктар
Нарын шаарында Апрель баатырларын эскерүү митинги өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарында Апрель баатырларын эскерүү митинги өттү

Нарын шаарында мындан жети жыл мурунку адилетсиз бийликтин аткан огунан шейит кеткен Апрель баатырларын эскерүү митинги болду. Анын катышуучулары адегенде ушул кандуу окуялардын каармандарынын эстелигине гүлчамбарларды коюшту. 

Эскерте кетсек, өз көмөчүнө күл тарткан бакиевчилерге алгачкы нааразычылык дал ушул Теңир тоо жергесинде байкалып, 2010-жылдын 24-февралында электр энергиясына баалардын көтөрүлгөнүнө каршы ири пикет өткөрүлгөн. 

Бирок анда эл талабы орундалбагандыктан, туура эки айдан кийин облус бийлиги карапайым калктын колуна өткөн. Ушуга удаа эле өлкө борборунда да үй-бүлөлүк бийлик кулатылган. Бирок ал кырчындай жаш 87 жигиттин өлүмү менен коштолуп, анын 28и нарындык жаштар болгон. Андыктан апрель окуясы жалпы Теңир тоолуктар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткен менен, аларды ошол кыйчалыш учурда мародерлук жана баскынчылык менен алектенишкен айрым саясатчы сөрөйлөрдүн жосун-жоруктары кыжаалат кылууда.