Жаңылыктар
Жалал-Абад: жол эрежелерин туура сактоого үндөгөн рейд жүргүзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: жол эрежелерин туура сактоого үндөгөн рейд жүргүзүлдү

Жалал-Абад облустук патрулдук милициясы «Абайлагыла, балдар» аттуу рейд өткөрдү. Жол кырсыгын алдын алууга багытталган үгүт жүрүшкө мектеп окуучулары да катышты.

Патрулдук милициянын айтымында, жол кырсыктары өткөн жылга караганда көп катталууда. 

Быйыл эле жыл башынан бери 3 айда 102 жол кырсыгы катталып, андан 33 адам каза болуп, 187 адам ар кандай жаракат алган. 

Бирок өткөн жылдын үч айына салыштырмалуу жаш өспүрүмдөр арасында катталган жол кырсыгы азайган. Кескин көбөйгөн ар кандай жол кырсыктарынын келип чыгышынын кесепети бул айдоочулардын жол эрежелерин так сактабай жатканы дешет патрулдук милициядагылар.