Жаңылыктар
Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында 13 долбоордо иш жүрүүдө
Экономика
Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында 13 долбоордо иш жүрүүдө

Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында учурда 13 долбоор боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтуусунда бул - саламаттыкты сактоо, унаа жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, спорт жана жалпы эле социалдык тармак багыттары боюнча долбоорлор. 

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча алгачкы кол коюла турган келишим бул саламаттык сактоо тармагы боюнча. Бул долбоорлорго ылайык Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарында гемодиализ борборлорун ачуу каралууда. Бирок азырынча бул долбоор иштелип жатат. Экономика министринин пикиринде мамлекеттик жеке өнөктөштүк мамлекет менен жеке сектордун кызматташуусунун куралы. Тактап айтканда мамлекеттин каржылык мүмкүнчүлүгү жетпеген ири долбоорлорду ишке ашырууга жеке инвесторлорду тартуу.

“Бул багытта иштеп жатабыз. Дароо эле баарын ишке ашыруу мүмкүн эмес.  Аз дегенде 4 жыл керек", - дейт Экономика министри Арзыбек Кожошев.