Жаңылыктар
Абдыганы Эркебаев кызматынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Абдыганы Эркебаев кызматынан бошотулду

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев кызматынан расмий түрдө бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Эркебаев буга чейин кызматтан өз ыктыяры менен кетүү боюнча арыз берген. Ал мындан төрт жыл мурда Улуттук илимдер академиясынын президенттигине шайланган. 

Ага чейин бир жыл аталган академиянын президентинин милдетин аткаруучу болгон. 

Белгилей кетсек, илимий мекеменин жетекчиси беш жылга шайланат.