Жаңылыктар
"Кыргыз темир жолу" ишканасы жаңы техникалар менен толукталды
Кыргызстан жаңылыктары
"Кыргыз темир жолу" ишканасы жаңы техникалар менен толукталды

"Кыргыз темир жолу" ишканасы жол чарбасындагы техникаларды модернизациялоону жана жаңылоону ишке ашырууда. 4-апрелде 15 жаңы техника пайдаланууга берилди , тактап айтканда 10 трактор, 3 жүк жүктөөчү техника жана 2 эксковатор. 

Техника ишкананы жаңылоо иш-чарасынын алкагында өздүк каражатына сатып алынды. Кыргыз темир жолу ишканасынын жол чарбасы филиалы темир жолдогу коопсуздукту камсыздаган негизги ишкана болуп саналат. 

Жаңы техникалар жол чарбасындагы инфраструктураларды жакшыртуу, жаңылоо максатында сатып алынууда. 

Буга чейин 5-муундагы 6 жаңы тепловоздор сатылып алынган. Алдыда кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан берилүүчү кредитке жүк ташуучу вагондорду сатып алуу каралган.