Жаңылыктар
Апрель революциясында каза болгондор эскерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель революциясында каза болгондор эскерилүүдө

Жети жыл мурунку 7-апрель Кыргызстандын тарыхында оор жоготуу менен коштолуп, ошол эле учурда эгемендикти баалаган элдин эркиндикке жол ачкан күнү болгон. Дал ушул тарыхый датада Талас элинин оорду өзгөчө. Анткени нааразычылык толкундоолордун башаты Таластан башталган. Элдик ыңкылапта эрдик көрсөтүп курман болгон жердештерине Талас эли куран окутуп, эскерүү митингин өткөрүштү. 

Митинг реквиемге келгендер, апрель ыңкылабынын тарыхый маани маңызына токтолушту. Курман болгон ар бир эр азамат элдин келечеги үчүн өмүрүн бергенин эскеришти. Ал күнү Таластык 14 баатыр көз жумган.