Жаңылыктар
Дарыгерлер 7- апрель күнүн эскерүүдө
Ден соолук
Дарыгерлер 7- апрель күнүн эскерүүдө

2010-жылдын 7-апрелин тез жардам кызматынын дарыгерлери эч качан унутушпайт. Ошол күнү алар башкалардын өмүрүн сактап, өздөрүнүкүн жоготушу мүмкүн эле. Экстремалдык шартта 38 бригада иштеп, жүздөн ашык дарыгерлер көпчүлүктү аралап өтүп, жарадар болгондорго биринчи жардам көрсөтүшкөн. 

Дарыгерлер айлананын баары кан болгон ар күндү кайгыруу менен эскеришет. Оорулууларды жаткырууга жай калбай, айрымдарынын өмүрү кылдын учунда турган. Башында октон жараткан алгандар аянттын жанында жайгашкан президенттин башкармалыгынын атайын поликлиникасына алып келинип, бир аз убакыт өтпөй өлгөндөрдүн денесине толгон.

" Үрөй учурган көрүнүш кабыл алуу бөлүмүндө болгон. Кире бериште өмүрүн сактай албай калган жыйырма жети жаш жигиттин сөөгү жаткан. Жугуштуу оорууларды дарылаган дарыгер Абдыгапар Ободоев жети жыл өтсө да ал күндү күнү бүгүнкүдөй эстейт. Анда ал станцияда мөөнөттө болгон. Биринчи жарадарлар түштө келип баштап, кечинде оорукананын баардык кызматкерлери жумушка чакырылган",- деди Тез жардам кызматынын медайымы Кульнара Жумашева.