Жаңылыктар
Киреше булактар такталсын
Саясат
Киреше булактар такталсын

Бир гана өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев эмес, убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү жана жогорку даражадагы кызмат адамдары өздөрүнүн акча каражаты кайдан табылгандыгы тууралуу коомчулукка ачык айкын маалымат бериши керек. 

Бул тууралуу бир катар коомдук ишмерлер жана саясий серепчилер биздин каналга билдиришти. Алардын айтымында, бир дагы күн ишкерлик менен алектенбеген айрым саясатчылар, 2010-жылдагы кандуу окуядан кийин дароо өлкөдөгү бай адамдардын катарын толуктап чыга келишкен.


Өлкө башчысы кун мурун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны жөн жерден кабыл алган жок. Алмазбек Атамбаев ага апрель, март окуяларына чейин эле ал бай адам болгонун, ири көлөмдөгү акча каражатына ээлик кылганын далилдеген документтерди берди. Башкы прокурорго берилген документтеги маалыматтар: Атамбаев Алмазбек Шаршенович 2003-жылы январда Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге саткан. Бул үчүн Алмазбек Атамбаев 45 млрд түрк лирасына, же ал кездеги курс менен 35 млн долларга ээ болгон.

Алып сатуу келишимин күбөлөгөн маалыматтар Түркия Республикасынын тийиштүү маалымат бюллетенинде 2003-жылы 31-январда жарыяланган. 35 млн доллар азыркы күндө деле ири суммадагы акча, ал эми 13 жыл мурдагы акчанын кунуна салыштырганда ошол кезде бул каражат эки үч эсе жогору баага татыган.

«Бирок өз киреше булактарын бир гана Атамбаев далилдеши керекпи? Ө.Ч. Текебаев, ошондой эле анын бир катар партиялаштары жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү дагы өздөрүндө жана өздөрүнүн жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон көп миллиондуу кирешелери тууралу маалыматтарды берүүгө тийиш. Муну Президент менен жолугушууларда 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында курман болгондордун ата-энелери менен балдары, ошол кезде оор жаракат алган жарандар талап кылып жатышат. Муну өлкө коомчулугу талап кылып жатат! Башкы прокуратура Жазык кодексинин мыйзамсыз баюу тууралу тийиштүү беренелерин эске алууга тийиш».