Жаңылыктар
Азия алтындары кыргыз капчыгында
Спорт
Азия алтындары кыргыз капчыгында

Балбандар Жанарбек Кенжеев менен Каныбек Жолчубеков Бангкокто өткөн Азия чемпионатында алтын медаль утту. Кенжеев 85 килограмм салмакта Кытай, Индия жана Өзбекстандан келген балбандар менен күрөшүп, аларды жеңип, Азиянын чемпиону болду. 

Ири мелдеште Каныбек Жолчубеков да алтын медаль алды. Кыргыз балбандары ошондой эле күмүш жана коло медалдарды алууга жетишти. 

Мурат Рамонов күмүш медаль утуп алса, коло медалдарды Узур Жузупбеков менен Руслан Царев тагынды. 

Ошентип грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы эки алтын, бир күмүш жана эки коло медаль топтоп, тайпалык көрсөткүч боюнча үчүнчү орунга илинди. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугу 21-февралга чейин уланат.