Жаңылыктар
Элдик Апрель революциясына 7 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик Апрель революциясына 7 жыл

7-Апрель - Элдик революция күнү. Кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя. 

2010-жылдагы апрель окуясына быйыл туура 7 жыл болду. Бул дата Кыргызстандын кайра жаралууга багыт алган күнү катары тарыхта калды.

Дал ошол 7-апрель күнү Бакиевдин режимине каршы болгон миңдеген адам борбордук аянтка келишкен. Өкмөттүк күчтөр тарабынан атылган октон 87 адам мерт кетип, дагы жүздөгөн адам жаракат алган. 

Бүгүн өкмөт мүчөлөрү, каза болгондордун жакындары жана окуянын катышуучулары “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып курман болгондордун элесине арнап куран окушат. 

Ал эми Ала-Тоо аянтында Бишкектин тургундары жана меймандары үчүн театралдаштырылган көрсөтүү тартууланат.