Президент Алмазбек Атамбаев «Ата-Бейит» эстеликтер комплексинде Апрель окуясында курман болгон баатырлардын көрүстөнүндөгү монумент тактага гүлчамбар коюу менен аларды эскерди.
2010-жылдын 7-апрелинде бийликтин аткан огунан каза болгон маркумдарга арналып куран окулду.
Эскерүү иш-чарасына 7-апрелде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңешинин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.