Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жаштар Апрель окуясын эскерди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө жаштар Апрель окуясын эскерди

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мугалимдери жана студенттери эскерүүгө алышты.

Эскерүүдө кыргыз эли ошол кезде кандай кыйынчылыктарга туш келгени, бул окуя оор жоготуулар менен коштолгону, мекенчил жаштардын эрдиктери айтылып, бирок анын натыйжасы , кыргыз тарыхындагы жаңы бурулуштарга алып келгени жөнүндө сөз болду. 

Студенттер ошол кездеги бийлик жеке, керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, элине каршы саясат жүргүзгөнүнө, элибиз эч качан баш ийип бербей тургандыгын 7-апрелдеги элдин толкуну далилдеди дешти. 

7-апрелдеги элдик көтөрүлүшкө катышкан баардык мекендештерибизге таазим этүү ирээтинде студенттер элдик көтөрүлүшкө арналган өз чыгармаларын аткарып беришти.