Жаңылыктар
Базар-Коргон: дарыянын нугун бууп калган жер көчкү коркунуч жаратууда
Өзгөчө кырдаал
Базар-Коргон: дарыянын нугун бууп калган жер көчкү коркунуч жаратууда

Базар-Коргон районунун Коргон-Жар участкасында жер көчкү түштү. Жалпы көлөмү жети жүз миң куб метр жер көчкү 6-апрель күнү кечки саат тогуздар чамасында түшкөн. Ал айыл четиндеги чоң дарыянын нугун бууп калган. Мындан улам суу топтолуп, 450 турак үйүдү каптоо коркунучун жаратты. 

Учурда дарыядагы топтолгон суунун көлөмү 1 миллион кубтан ашкан. Анын кесепетинен жээке жакын жана суунун этегинде жайгашкан турак үйлөргө кооптуу жагдай жаралды. Андыктан түнү менен Коргон-Жар участкасынын тургундары коопсуз жака көчүрүлдү. Абалды жеринен көзөмөлдөөгө өзгөчө кырдаалдар министри келип, иш уюшкандыкта жүрдү.

 Бир суткада чогулган суу, тосуп калган жер көчкүнү акырындык менен жеп отуруп, агып чыгуу көзүн тапты. Антсе да өзгөчө кырдаал курч бойдон экенин адистер айтат.

Көк-Алма айылындагы бул аймак 1987-жылы эле кооптуу экени аныкталып, көзөмөлдө турган. Буга чейин да турак үйлөрдү коопсуз жайга көчүрүү иштери болгон. Учурда Сейдукум, Базар-Коргон жана Көкчө-Көз айылдарында да коопту жагдай жаралган. Ал эми көчкүнүн жанданышына тымбай жааган жамгыр себеп болуп жатканын куткаруучулар билдирет.