Жаңылыктар
Нарында төрт түлүктү идентификациялоонун биринчи этабы аяктады
Айыл чарба
Нарында төрт түлүктү идентификациялоонун биринчи этабы аяктады

Нарын облусунда төрт түлүктү идентификациялоонун биринчи этабы аяктады. Ага ылайык, жалпы уйлардын 82 пайызы каттоого алынып, анын 18 миң башы республикалык маалымат базасына киргизилди. Ал эми көрсөтүлгөн ветеринардык кызмат үчүн эки миллион сомго жакын акы төлөндү. 

Ошону менен бирге эле ушул өнөктүн жүрүшүндө багуудагы малдын так санын аныктоого мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мисалы, буга чейин төрт түлүк азыраак деп эсептелген Кочкор районунда тескрисинче анын көбөйгөндүгү ачыкка чыкты. 

Мунун натыйжасында аталган өрөөнгө бөлүнгөн 17 миң бирка жетпей, калганын индентификациянын экинчи этабында өткөрүүгө туура келүүдө. Айыл чарба адистери мындай көрүнүштү элет элинин бул маанилүү өнөктүккө кайдыгер эместиги менен түшүндүрүшөт.