Жаңылыктар
Стокгольмдо теракт катталды
Дүйнө
Стокгольмдо теракт катталды

7-апрель күнү түштөн кийин Швециянын борбору Стокгольмдо жүк ташуучу унаанын айдоочусу ири соода борборун сүзүп кирип, адамдарды тебелетип кеткен. 

Чет элдик маалымат каражаттары кеминде 4 адам каза болуп, 15 адам жабыркаганын жазышууда. Өлкө бийлиги окуяны "террордук акт" деп мүнөздөдү. 

Айрым маалыматтарга караганда, унаанын ичинде эки адам болгон. Алардын бири полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.