Жаңылыктар
Апрель окуясында курман болгондорго таазим
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель окуясында курман болгондорго таазим

Бүгүн апрель элдик ыңкылабынын 7 жылдыгы. Жети жыл мурун дал ушул күнү Бакиевдик режимге нааразы болгон, эркиндиктин баркы менен баасын түшүнгөн эл , аны тактыдан кулаткан. Тилекке каршы, жаркын келечек үчүн болгон күрөштө мекенчил уулдарыбыздын каны төгүлдү. Ошол элдик ыңкылаптын курмандыктарын эскерүу иш чарасынын алгачкысы бүгүн "Ата Бейит" эстеликтер комплексинде өттү. 

Ата Бейитте жылдагыдай эле эл көп. Эскерүүгө келгендердин көбү апрель элдик ыңкылабынын катышуучулары, каза болгондордун жакын туугандары жана башка коомчулук өкүлдөрү. Арадан жети жыл өтсө да, каргашалуу окуянын чоо-жайы майда-чүйдөсүнө чейин элдин эсинде.
Жаңыл Иманкулова ошол кандуу окуяда өзүнүн уулун жоготкон. Ага снайпердин огу тийип, аянтта дароо каза болгон. Эрлан анда 27 жашта болчу, баласы Ислам 2 жашында калган. Азыр 9 жашта, 3 класстын окуучусу.

Жакындарынын айтымында, Эрлан ошол кезде бийликтин адилетсиз кадамдарына нааразы болуп, бийликке болгон нааразычылык иш чараларына башынан эле катышып жүргөн.
Айчүрөк Исмаилова болсо маркум Кайрат Тойбаевдин эжеси. Кайрат өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Сокулукта унаа жуучу жайда иштеп жүргөн. Башкалардай эле ал дагы бийликтин карапайым элди ойлобогон саясатына нааразы болчу.

 

Ошол апрель ыңкылабынын баатырларынын аркасы менен өлкөгө сөз эркиндиги келип, үй бүлөлүк башкарууга чекит коюлду. Мекендин келечеги үчүн жанын бергендер элдин эсинде түбөлүккө сакталат.

Эскерүү иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев да келип, ал апрель окуясында курман болгон баатырлардын көрүстөнүндөгү монумент тактага гүлчамбар койду. Аны менен бирге гүл коюу аземине парламент төрагасы, өкмөт башчы жана башка мамлектеттик мекеме жетекчилери катышышты.
Андан соң каза болгондорго багышталып куран окулуп, муфтий Максат ажы Токтомушев дуба кылды.

Апрель ыңкылабынан 7 жыл өткөн соң, ошол күнкү окуяларга азыр ар кандай баа берилип келет. Мисалы 7-апрелде элди баштап барган бир да саясатчы болгон эмес, оппозиция камакта эле. Эл өзүнүн демилгеси менен, эрки менен кандуу бийликке каршы туруп, эңсеген баалуулуктарына жетише алды.

Апрель окуясына 7 жылдан бери ар кандай баалар берилип келет. Окуяны мамлекеттик төңкөрүш деп атагандар да болгон. Бирок 7-апрелде чыныгы элдик ыңкылап болгонун убакыт далилдеп, ал тарыхка алтын тамгалар менен жазылып калат дейт окуянын катышуучулары.
Андан кийин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган Ала-Тоо аянтында эстелик монументке гүл коюп, Апрель революциясынын баатырларын эскерди.