Жаңылыктар
Быйыл Сары-Өзөн Чүйдө жазгы талаа жумуштары бир айга кечикти
Айыл чарба
Быйыл Сары-Өзөн Чүйдө жазгы талаа жумуштары бир айга кечикти

Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облустук ыйгарым өкүлчүлүгүнүн  агрардык сектар бөлүмүнөн билдиришти. Кыш мезгилинин узакка созулушу, эрте жаздын суук күтүлүшү, жаан чачындын карга айланышы өнөктүктүн кеч башталышына негиз жаратты. Айрыкча Чүй өрөөнүндөгү аба ырайынын кескин  өзгөрүшү, жаандын карга айланышы, өзгөчө түнкүсүн сууктун күтүлүшү жазгы талаа  жумуштарын бир жарымайга кечиктиргенин өкмөттүн Чүй облустук ыйгарым  өкүлчүлүгүнүн  агрардык сектар бөлүмүнүн  башчысы Нурдин Давлетов ачыктады. Ошого карабай өнөктүктүн жүрушүн ыкчамдатуу  аракети көрүлүп жатканын кошумчалады. 

Быйыл жаз  кеч келгендиги улам өнөктүк кыйла кеченлөөдө.  Ошондуктан дыйкандар учурдун ар бир күнүн натыйжалуу пайдалануусу кажет дешет  аграрчы адистер.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"