Жаңылыктар
Өлкөдө жылына миңге жакын жаш жеткинчектер жоголот
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө жылына миңге жакын жаш жеткинчектер жоголот

Кыргызстанда жыл сайын 1000ге жакын жаш жеткинчектер жоголот. Алардын 90 пайызы табылса калган 10 пайызы дайыны жок болот.  Акыркы  2 ай ичинде эле өлкөдө балдардын дайынсыз жоголушу  боюнча 128 факты катталган. Ал эми былтыр бул факты боюнча  ИИМгине  686 арыз тушкөн. Алардын арасынан 650 үйлөрүнө кайтарылса, калган 36 бала ушул кунгө чейин издөөдө дешет адистер.  

Жаш жеткинчектердин жоголуу фактылары күз, жаз мезгилинде күчөйт. Айтсак ушул жылдын март айларында эле бир нече фактты катталды. 7-март күнү 4 жаштагы Лидия Кашкарова атту кыз жоголгон. Анын апасы  кичинекей кызды  кафеде кароолчу болуп иштеген инисинин жанына калтырып кайра келгенинде кызы дайынсыз жок болгону аныкталат. Бул фактты боюнча издөөлөр жүрүп, натыйжада 10 күн кийин 4 жашар Лидиянын  сөөгү Чүй областына караштуу Ивановка аймагынындагы көлмөлөрдүн биринде табылган.  Мындан көп өтпөй эле 3 апрель күнү Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болгон 10 жаштагы Асель Төрөбекова жоголду.  Бул жеткинчек дагы түшкү 12 чамасында үйдөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон дейт ИИМнин кызматкери Азамат Абдырахманов.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"