Жаңылыктар
Улуу тарыхтын ар бир доорунда, эл жүгүн артынган жаштар болгон
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу тарыхтын ар бир доорунда, эл жүгүн артынган жаштар болгон

“Асыл-таштан, акыл-жаштан”- демекчи, улуу тарыхтын ар бир доорунда, эл жүгүн артынган жаштар болгон. Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында турган Жусуп Абдрахманов 26 жашында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинини биринчи төрагасы болсо, кыргыз тили илими жана азыркы кыргыз адабиятына негиз салган Касым Тыныстанов 23–30 жаш курагында 6 китептин автору болгон.

Ал эми кыргыздын тунгуч агартуучу-илимпозу Ишеналы Арабаев 29 жашында “Алипбе жааки төтө окуу китебин” жазып кыргыз тилинде китеп чыгаруу тарыхын баштаган.  

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”