Жаңылыктар
Египетте 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды
Дүйнө
Египетте 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды

Бүгүн, 10-апрелден тарта 3 күн Египетте эки теракттан каза болгондорду эскерүү жана аза күтүү күнү жарыяланды. Аза күтүү күнүнө карата аймактагы телеканалдарда көрсөтүүлөр сеткасы өзгөртүлүп, бийлик мындай кырсыктардын дагы кайталанбастыгы үчүн коопсуздук иш-чараларын күчөттү.

Египеттеги копт христиандарынын эки чиркөөсүндө 9-апрелде бир нече сааттык айырмачылыкта жардыруу болду. Теракт Пасха майрамына даярдык көрүлүп жатканда орун алды. Жардыруулардын алгачкысы Танта- Мар-Гиргис шаарындагы чиркөөдө болуп, 31 адам каза болуп, 80 жакын адам жаракат алган. Ал эми экинчи бомба Александрия шаарындагы чиркөөдө жарылган. Бул кырсыктан 17 адам мерт кеткен. Арасында христиан, мусулман дининин өкүлдөрү жана террористти чиркөөгө киргизбей өз өмүрлөрү менен кош айтышкан жети полиция кызматкерлери болгон. 

Кийинчерээк, Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси өлкөнүн бардык аймагында үч айлык өзгөчө кырдаал абалын жарыялады.