Жаңылыктар
Өзгөндөгү жер көчкү 3 үйдү басып калды
Өзгөчө кырдаал
Өзгөндөгү жер көчкү 3 үйдү басып калды

Өзгөндүн Ничке-Сай айылында эки жерден ири көлөмдөгү жер көчкү жүрдү. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген жок. Көчкү басып калуу коркунучунда турган турак үйлөрдүн жашоочулары - кооптуу абал байкала баштаганда эле көчүп чыгып кетүүгө үлгүргөн. 

Жалпы көлөмү 120 миң кубометрди түзгөн жер көчкүнүн бири - Ничке-Сай дарыясынын нугун бууп, чакан көлдү пайда кылган. Натыйжада, дарыянын жээгиндеги турак үйлөрдүн тургундары суу каптоо корукунучунан улам, коопсуз жакка көчүрүлдү. Ал эми экинчи көчкү болсо, негизги унаа жолду басып калган. Мындан улам, райондун борбору менен болгон каттам убактылуу жабылып, жергиликтүү эл бир канчалаган чакырымды жөө же атчан басып өтүүгө туура келүүдө.

"Жалпы Зергер аймагында кооптуу жерлерден көчүрүү иштери жүрүп жатат. Эгерде, жер тилкеси чечилип кала турган болсо, биринчи кезекте, буга чейин, жер тилкесин дагы ссуда дагы албаган жарандарга берилет. Азыр бул боюнча атайын комиссия иштеп жатат",- деди Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухамед Бокошов.