Жаңылыктар
Бишкекте жылуулук берүү 11-апрелде токтойт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жылуулук берүү 11-апрелде токтойт

Бишкек шаарында жылуулук 11-апрелден тартып өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Буга чейин март айында, Улуттук энергохолдинг тарабынан аба ырайынын суук болуп жатканына байланыштуу жылуулук берүү убактысы күн жылыганча узартылары айтылган. 

Эми күндүн жылышы туруктуу мүнөзгө өткөндүктөн жылуулук берүүнү токтотуу чечими кабыл алынган.