Жаңылыктар
Бир жума ичинде эки миңден ашуун кылмыш иши катталды
Кылмыш
Бир жума ичинде эки миңден ашуун кылмыш иши катталды

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштар тууралуу келип түшкөн бардык билдирүүлөргө ыкчам түрдө жооп берилип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

3-9-апрелге чейинки аралыкта ИИМдин ыкчам чара көрүү борборуна республика боюнча 2013 кылмыш иши катталып алардын 1621нин өздүгү такталган. Кылмыш иликтөөгө тиешелүү 533 факты катталып, анын 320 кылмыштын бети ачылса, 95 кылмыш изи сууй электе ачылган. Мурда болгон 96 кылмыштын бети ачылган.

Адам өлтүрүү боюнча 1 кылмыш ишинин бети ачылса, 5 тоноочулук, 3 каракчылык, 2 денеге залал келтирүү, 16 зордуктоо, 217 алдамчылык, 73 уурулук, 3 мал уурулук,  1 унаа урдоо фактысынын бети ачылган. 3 кг 349 грамм мыйзамсыз баңгизаты алынган.